Сокулук районунда 915 гектар сугатсыз айдоо жерине сафлор себилди

 Сокулук районунда 915 гектар сугатсыз айдоо жерине сафлор себилди

Чүй облусунун Сокулук районунда 915 гектар сугатсыз айдоо жерине сафлор себилди. Бул тууралуу Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Садыков билдирди.

Анын айтымында, сафлор сугатсыз айдоо жерлерине себилген. Анын уругунан өсүмдүк майы өндүрүлсө, сабагы малга тоют катары пайдаланылат.

“Райондун аймагында сафлор эгилген аянт жыл сайын көбөйүүдө”, — деди Садыков.

Связанный пост