Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Минкаб төрагасы даярдыктар боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отурумун өткөрдү.

Бул жылы майрам Талас облусунда өтөт. Отурумду ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы мындай маанилүү тарыхый датаны белгилөө чоң жоопкерчиликти жүктөй турганын жана даярдыктын деңгээли эң жогорку болушу керектигин баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы быйыл март жана июль айларында Талас облусунда майрамга даярдык көрүү боюнча көчмө жыйындар өткөнүн эске салды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жеке өзү аймакка барып, курулуш жана даярдык иштерин текшерген.

«Бардык даярдык иш-чараларынын аякташына аз убакыт калды. Биздин жалпы максатыбыз – мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын эң жогорку кесипкөй жана уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Отурумдун жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү күн тартибиндеги төрт негизги маселени карашты:

1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө боюнча башкы программа жөнүндө – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев баяндама жасады.

2. Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө даярдык көрүү иштеринин жүрүшү жөнүндө – Талас облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байжигитов отчет берди.

3. Майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясы жөнүндө – КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.

4. Майрамдык иш-чаралардын алкагында ачыла турган объектилердин курулушунун жана даярдыгынын жүрүшү жөнүндө – КРнын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымдады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык курулуш, көрктөндүрүү жана уюштуруу иштерин белгиленген мөөнөттө так аяктоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ар бир министрдин жана ведомствонун жетекчисинин алдыга коюлган бардык милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруудагы жеке жоопкерчилигин өзгөчө баса белгиледи.

Связанный пост