Дыйкан-фермерлерге техника алууга 44,6 млн доллар бөлүнөт
Кыргызстанда фермерлерге жана ишкерлерге айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн 44,61 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу бөлүнөт. Бул боюнча министрлик, Финансы министрлиги жана эки банк үч тараптуу агенттик келишимге кол коюшту.
Каржылоо ислам банк ишинин мурабаха жана ижара мунтахийя биттамлик принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Жылдык кирешелүүлүк ченеми 6%ды түзүп, мөөнөтү жети жылга чейин болот.
Долбоор айыл чарба ишканаларынын жана фермердик чарбалардын заманбап техника менен жабдылышын колдоого багытталган.