“Достук” постунда Өзбекстандан келген 650 кг колбаса азыктары артка кайтарылды
Ош облусундагы “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Өзбекстандан келе жаткан 650 кг колбаса продукциясын Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүккө текшерүү жүргүзүү учурунда инспекторлор тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, продукциянын таңгагында маркалоосу жок экендиги жана ал коюлган ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербестиги белгиленди.