Ош шаарындагы 720 орундуу мектептин курулушу 85%га аяктап калды

 Ош шаарындагы 720 орундуу мектептин курулушу 85%га аяктап калды

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектептин курулушу менен таанышты.

Объекттин курулушу 2013-жылы башталган.

Аталган курулуш объектиси Мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Учурда мектептин тышкы жасалгалоо иштери болсо толугу менен бүткөрүлүп, ичин жасалгалоо иштеринин 85 пайызы аткарылылды. Окуу корпусунун курулуш жумуштарын бүткөрүү 2023-жылдын декабрь айына пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары кызуу жүрүүдө.

Связанный пост