Депутаттар Франциядагы мекендештердин көйгөйлөрүн укту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Францияда жашап, эмгектенип жаткан мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргызстандыктар виза алуу жол-жоболорун жеңилдетүү, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн Францияда таануу жана турак жай шарттарын жакшыртуу маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле консулдук кызматтарды жакшыртуу, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттик органдар менен байланышты күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Марлен Маматалиев көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын белгилеп, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен байланышты күчөтүү маанилүү экенин айтты.

Связанный пост