Депутат мектеп, бала бакчаларда логопед менен психолог керектигин айтты

 Депутат мектеп, бала бакчаларда логопед менен психолог керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова сүйлөө жана башка өнүгүү жактан көйгөйлөрү бар балдарга жеткиликтүү жардам көрсөтүү үчүн мектеп, бала бакча жана бейтапканаларда акысыз логопед жана психологдордун кабинеттерин ачууну сунуштады. Ал бул тууралуу 26-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ата-энелер балдарынын сүйлөө өнүгүшүнүн кечеңдешине байланыштуу көп кайрылышууда. Ошол эле учурда жеке логопед жана психологдордун кызматтары 35 мүнөт үчүн болжол менен 1000 сом турат, ал эми максималдуу баасы 1200 сомго жетет.

Аманова натыйжага жетүү үчүн балдар эки-үч ай же ал тургай бир нече жыл бою адистерге үзгүлтүксүз барышы керектигин белгиледи. Бул үй-бүлөлөргө олуттуу каржылык жүк болуп саналат.

Мындан улам депутат Агартуу министрлигине мамлекеттик мектеп, бала бакча жана бейтапканаларда логопед жана психологдордун кабинеттерин ачууну карап чыгууну сунуштады.

Анын пикиринде, бул балдарга зарыл болгон жардамды акысыз алууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост