Бажы кызматы жыл башынан бери 1,5 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

 Бажы кызматы жыл башынан бери 1,5 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Жыл башынан бери бажы органдары 20 миң 594 мыйзам бузууну аныктап, кошумча бюджеттик кирешелер болжол менен 1,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында өткөн Мамлекеттик бажы кызматынын аппараттык жыйынында айтылды.

Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын башчысы Урмат Назирдиновдун айтымында, учурда бажы органдарындагы кызмат кадимки режимде иштеп жатат.

25-ноябрда “Торугарт” чек ара бекетинен экспорт багытында 546 бош жүк ташуучу унаа чыгып, импортко 651 жүк ташуучу унаа кирген. Ноябрь айында бул бекет аркылуу жалпысынан 14 миң 939 жүк ташуучу унаа кирген.

Бүгүн саат 9:00гө карата “Кара-Булакта” электрондук кезекте 1500 унаа болгон. Күн сайын болжол менен 500 унаа текшерилет.

26-ноябрда “Эркечтам” өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан Кыргызстанга 638 унаа кирген. Алардын 592си транзиттик, 46сы импорттук багытта болгон.

Ал эми Кытай тарапка 602 унаа чыгып кеткен, анын ичинде 565и бош, 37синде жүк жүктөлгөн.

Связанный пост