Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова япон кызга утулуп калды
![Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова япон кызга утулуп калды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/a79c7d73-bf64-4863-ae0c-22dd535903b9.730x0.jpeg)
62KG – WW – Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.
Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды.
Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Бул кармашта япон спортчусу күчтүүлүгүн көрсөтүп, упайдын аркасынан упай алып жатты. Жыйынтыгында 11:5 эсебинде Озаки финалга чыкты. Ал эми Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылкы дүйнө чемпионаттын 1/8 финалында дагы япониялык Нонока Озаки менен килем үстүнө чыккан. Анда Тыныбекова атаандашын 6:4 эсебинде утуп, чемпионаттын алтын медалын тагынган.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.