Чүйдө 100 миңге жакын адам таза суу менен камсыз болот

 Чүйдө 100 миңге жакын адам таза суу менен камсыз болот

2030-жылга чейин Сокулук жана Панфилов райондорундагы 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада эки райондун 100 миңге жакын тургуну коопсуз суу менен камсыздоого жеткиликтүү болот.

Бүгүн аталган эки райондо “Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк – 1-фаза” программасын ишке ашыруунун алкагында жыйындар өтүүдө. Аталган программа Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнү департаментинин долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан ишке ашырылууда.

Связанный пост