Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө.
Ошентип, 30-апрелден тарта “Эркечтам – унаа жолу” өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми “Торугарт – унаа жолу” өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.
Аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2-майда саат 08:00дөн тарта кайра жанданат.
Ал эми “Бедел – унаа жолу” өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейинки аралыкта өткөрүү операцияларын жүргүзүү үчүн жабык болот. Иштөө тартиби 6-майда саат 08:00дөн тарта кайра калыбына келет.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.