Чүй облусунун тургундары үч жума ичинде 2357 тонна таштанды чогултушту

 Чүй облусунун тургундары үч жума ичинде 2357 тонна таштанды чогултушту

Чүй облусунун тургундары үч жума ичинде 2357 тонна таштанды чогултушту.

Өкмөт тарабынан демилгеленген үч айлык көрктөндүрүү программасынын алкагында Чүй облусунун жашоочулары облусту иретке келтирүү үчүн өз жашаган аймактарында ишембиликтерге чыгышты.

Чүй облусунун тургундарынын активдүүлүгү абдан жогору болуп, ишембиликке 37601 адам катышты.

Тургундар 1456 гектар аянтты тазалашып, тазалоо иштерине 271 техника тартылган.

Ошондой эле 32186 көчөт, анын ичинде 5651 ийне жалбырактуу жана 26535 жазы жалбырактуу бак-дарактар отургузулган.

Мындан тышкары, 744,98 чакырым сугат каналдары тазаланды.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалитеттердин, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине, ошондой эле облустун айылдарынын жана шаарларынын тургундарына ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин айтымында, өлкө жетекчилиги биздин калктуу конуштардын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү калктын таза экология үчүн болгон аракеттерин жогору баалайт. Алдыда мындай иш-чаралар улантыла бермекчи.

Связанный пост