Чүй облусунун аймагында жалпы 321 балык чарбасы бар

Чүй облусундагы балык чарбаларына ири инвентаризация жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Суу жана агрардык комплекстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетинин карамагындагы Балык өнөр жай комплексинин департаментинин буйругунун негизинде Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунда жайгашкан балык чарбалары жана мыйзамсыз пайдаланылган суу сактагычтар боюнча инвентаризация жана мониторинг иштери жүргүзүлдү.

Бул иштер министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан берилген материалдардын негизинде, анын ичинде Бишкек – Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан объектилерди камтыган. Жыйынтыгы боюнча жалпысынан 321 балык чарба бар экени аныкталган:

  • Кемин району – 25 чарба;
  • Ысык-Ата району – 103 чарба (келишимдин негизинде);
  • Аламүдүн району – 12 чарба (келишимдин негизинде);
  • Чүй району – 37 чарба (келишимдин негизинде).

Мунун ичинен 177 чарба келишимдер менен иш жүргүзүп жатса, 144 чарба мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде мыйзамсыз жайгашкандыгы белгилүү болду.

Маалымат үчүн: Жүргүзүлгөн инвентаризация жана мониторингдин негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан чарбаларды мыйзамдаштыруу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана балык чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Связанный пост