2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган. КР УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара маска, 1 даана бычак жана […]Читать далее
УКМК: 2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери
КР УКМК тарабынан кылмыш иштеринде болгон материалдарынын алкагында 2023-жылдын 13-ноябрында Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргыз Республикасынын жараны Г.Т.У. кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деген шек менен, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри М.Д.Ч кармалды. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, Өзгөн шаарынын мэри […]Читать далее
КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны, К.Асанбектин өкүл атасы) КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан […]Читать далее
КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны “К.Н.К.” мамлекеттик […]Читать далее
КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 9-ноябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган КР А.у.Д. аттуу жараны кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын […]Читать далее
«Манас» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. 2023-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 04:00 чамасында «Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинин имаратында VIP жүргүнчүлөрдү тейлөө зонасында документтерди жана коштоп жүрүүчү жүктү текшерүүдө, БАЭнин Дубай шаарына учууну көздөгөн С.А. токтотулган. Жүктүн ичиндегилерди текшерип кароо учурунда бажы органына декларацияланбаган жалпы салмагы 51 кг […]Читать далее
КР УКМК тарабынан калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу шартында экономикалык коопсуздукту жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө мөөнөтү өтүп кеткен импорттук азык-түлүктөрдү сатуу фактылары аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги кампалардын биринде азык-түлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү өзгөртүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жыйынтыгында, Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын жана Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын адистерин тартуу менен ижарачы […]Читать далее
КР УКМК чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул топ мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, ал жерде чындыгында чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай, ошондой эле интимдик мүнөздөгү кызматтарды […]Читать далее
Массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды
КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп […]Читать далее