Кара-Сууда ири суммадагы акча алдамчылыгына шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылы 24-декабрда өзүн “Султан” деп тааныштырган адам “Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин” деген шылтоо менен 9 […]Читать далее
Коррупциялык схема уюштурган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында автотранспорт каражаттарын айдап өтүү менен алектенген жеке адамдар менен макулдашып, “Унаа” мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 22нен 28-январга чейинки аралыкта 23 миң 400 жол эрежесин бузуу факталыра катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 326 Мас абалында рулга отуруу — 379 Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 38 Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 557 […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөдөн баш кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Атап айтканда, “Ош” эл аралык аэропортунун ЕАЭБ өлкөлөрүнөн учуп келүү зонасында жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан башка өлкөнүн жараны 152 норка тумагын мыйзамсыз импорттоого аракет кылган. Импорттоочуда товарга тийиштүү эч бир коштоочу документтер болгон эмес. Жыйынтыгында товар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды. Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган. Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси […]Читать далее
Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана анын аймактык тескөөчү болуп иштеген иниси Бекзат Казаков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Балыкчы РИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы резонанстуу жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланууда. Жогорудагы кылмыш иши боюнча […]Читать далее
2024-жылдын 26-январында Балыкчы шаарында жаш өспүрүм кызды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткендиги боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу – этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле, аталган факты боюнча областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана […]Читать далее
Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы№1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көрсөткөн. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана режимдик иш-чаралардын натыйжасында, анын ичинде жалпы тинтүү, топтун баш ийбөөчүлүгүнүн башкы уюштуруучулары жана үгүттөөчүлөрү аныкталып, обочолонду. […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базарынын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди. УКМК төрагасы Райымбек Матраимовго издөө жарыялангандыгын эске салды. “Кыргызстандын, анын ичинде Ош облусунун тегерегиндеги бардык мал-мүлкүн мамлекеттин эсебине алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. […]Читать далее
Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сокулук райондук сотунун бүгүн, 26-январдагы өкүмү менен айыпталуучу Э.А.Э.га 80 миң сом айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленди. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды. […]Читать далее