Кочкор районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мектептин имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Кочкор районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мектептин имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Нарын областынын Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кочкор айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз буйруктарынын негизинде Кочкор айылында жайгашкан Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин от жагуучу жайынын имараты жана ага тиешелүү жер участогу жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Э. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулган. Иш Кочкор райондук сотунун кароосуна жиберилип, соттун токтому менен Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы күнөлүү деп табылды.
Мындан сырткары, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына киргизилген доо арыздар соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен канааттандырылып, Кочкор айыл өкмөтүнүн буйруктары жараксыз деп табылды.
Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 млн 750 миң сомду түзгөн мектепке тиешелүү имарат жана 1946 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Связанный пост