Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды
Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды. Мындай баалоо 2025-жылдын жыйынтыгына жараша чыгарылды. Отчет Дүйнөлүк туризм жана саякат боюнча кеңештин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азиянын туристтик тармагы аймактын экономикасынын 17,7% өсүшүнө алып келип, 20,1 млрд долларды түздү.
Өсүштүн темпи Түндүк-Чыгыш жана Түштүк-Батыш Азияга салыштырмалуу кыйла жогору болду.
Мындай динамика туристтик инфраструктуранын өнүгүшү жана саякатчылардын санынын жогорулашы менен байланыштырылууда.