“Кыргызнефтегаз”: Кочкор-Атада ири газ кени табылды
“Кыргызнефтегаз” Кочкор-Ата шаарынын аймагынан суткасына 40 миң куб метрге жакын газ бере турган жаңы булакты аныктады.
Компаниянын маалыматына ылайык, №1181 скважинадан алынган газ Кочкор-Ата шаарын жана анын айланасындагы айылдарды көгүлтүр отун менен камсыздоого кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
“Кыргызнефтегаз” ААК башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаевдин айтымында, жаңы скважинадан суткасына 40 миң куб метрдин тегерегинде газ чыгып жатат.
“10-11-ноябрга карата Кочкор-Ата шаарынын бир күндүк газ керектөөсү 40 миң куб метрди түзөт экен. Ал эми жаңы скважинабыздан да ушундай көлөмдө газ алынып жатат. Демек, бул – кошумча газ булагы”, – деди ал.
Анын айтымында, жаңы жана буга чейин табылган газ булактарын бириктирүү менен Кочкор-Ата шаарын кыш мезгилинде газ менен кеңири камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, газдын көлөмүн көбөйтүү шаардын айланасындагы айылдарды да көгүлтүр отун менен камсыздоого шарт түзөрүн кошумчалады.