Борбор Азияда туристтерге чек ара көзөмөлүн жөнөкөйлөтүү сунушталды

 Борбор Азияда туристтерге чек ара көзөмөлүн жөнөкөйлөтүү сунушталды

 Ош шаарында 20–21-август күндөрү “Борбор Азиядагы соода диалогу – 2026” эл аралык форуму өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирет.

Форумдун алкагында өткөн “Туризм трансчек аралык кластер катары” аттуу секцияда агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов туристтердин мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарынан өтүүсүн жеңилдетүү маселесин көтөрдү.

Ал туристтик топтор үчүн чек араларда “жашыл коридорлорду” түзүү, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү туристтик виза концепциясын киргизүү демилгелерин сунуштады.

Бул демилгелер туристтердин чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүгө, өлкөлөр аралык биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жана Борбор Азиянын бирдиктүү туристтик брендин калыптандырууга багытталган.

Эки күнгө созулган форумдун жыйынтыгында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү аймактык кластерлерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жана жыйынтыктоочу коммюникени макулдашуу иштерин жүргүзүштү.

Связанный пост