Өлкө аймактарында жакында 22 туристтик объект ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган улуттук долбоор башталган. “40 райондо – 40 туристтик объект” демилгеси министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылууда. 2025-жылы долбоордо жалпы 63 туристтик объект курулат: – маалымат борборлору; – […]Читать далее
Туризм департаменти жыл сайын туристтердин агымын 10% көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган бөлүмдүн башчысы Эрденет Касымов билдирди. Ал белгилегендей, аэропорттор менен жолдор курулуп, 5 жылдыздуу мейманканалар, эс алуу зоналары ачылып, коруктар, жаратылыш парктары жана башка ушул сыяктуулар курулуп жатат. “Туристтер үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, рынокту диверсификациялоону айталы. Туристтердин негизги […]Читать далее
Кыргызстан 10 млн туристти тосууга толугу менен даяр. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде туризм тармагы боюнча көз карандысыз эксперт, коомдук ишмер Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн бир катар иштер аткарылды. Инфраструктура жакшыртылып, тейлөө сапаты жогорулады, жаңы эс алуу жайлары ачылды. Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана маданий […]Читать далее
Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Алтын кум” жана борбордук муниципалдык пляжда реконструкция иштери жүргүзүлдү. Курулуш министрлигинен маалымдашкандай, пляждар заманбап стандарттарга ылайык келтирилип, жаңыртылды. “Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ачылышы жакында болот”, – деп билдиришти мекемеден. Белгиленгендей, жалпы узундугу 1 миң 430 метрди түзгөн пляжда футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары курулду. Көл жээгине жакын жайгашкан соода […]Читать далее
Кыргызстан дүйнөлүк туристтик аренада өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Британдык абройлуу The Guardian басылмасы 2025-жылы Кыргызстанды этикалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын катарына киргизди. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, аталган макалада The Guardian аң-сезимдүү саякаттарды баалаган, маданиятты, жаратылышты жана жергиликтүү жамааттарды урматтаган туристтер үчүн Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын баса белгилеген. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы, бай маданий […]Читать далее
Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарына Англиянын «Golden Eagle Luxury Trains» туристтик фирмасына таандык туристтик поезд келди. Поезд маршруту: Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Бухара – Ашхабад – Хива – Китаб – Дүйшөмбү – Самарканд – Маргилан – Кокон багытында жүрөт. Поезд 18 вагондон турат, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукка ээ, ошондой […]Читать далее
Быйылкы туристтик сезондо Кыргызстанга келген туристтердин санын 10 миллионго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы өлкөгө 9 миллионго жакын турист келип, 1 млрд доллардан ашык акча каражат калтырган. “Быйыл жайкы туристтик сезон май айында башталат. Жакында минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында […]Читать далее
Жазында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, веложол Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 56 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорунун негизинде жасалат. Долбоордо төмөнкүлөр каралган: – Бостериден Кара-Ойго чейин саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализациялык коллектор куруу; – Чолпон-Ата шаарындагы Саймалуу-Таш петроглифтик музейин […]Читать далее
Financial Times гезитинин Саякат бөлүмүнүн авторлорунун версиясы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуу жайларынын тизмесине кирди. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, эң уникалдуу сунуштардын бири Александра Толстаянын укмуштуу окуяларынан шыктанган Ат-Башынын кооз аймактарына ат минүү туру болду. Александра 1999-жылы Жибек Жолу менен 8000 чакырымдан ашык жолду ат менен басып өтүп, жүрөгү ушул жерде, Ат-Башыда […]Читать далее
Америкалык Condé Nast Traveler журналы Каракол — Борбор Азиянын саякат борбору деп жарыялады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ошентип, Ысык-Көлдүн бермети — Каракол – аталган журналдын “2025-жылы барчу 25 мыкты жер” тизмесине кирди. Авторлор аны “Борбор Азиядагы кызыктуу саякаттардын борбору” деп аташкан. Эмне үчүн Каракол? Теңир-Тоонун сүрдүү тоо кыркасынын этегиндеги Каракол жылдын бардык […]Читать далее