Былтыр Кыргызстандын жаратылыш парктарына 271 миң турист келген
Былтыр Кыргызстандагы 8 жаратылыш паркына 271 миң турист келген. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Сары-Челек”, “Кыргыз-Ата”, “Беш-Таш” жаратылыш парктарына эс алуучулар көп барат.
“Төлөмдөр жергиликтүү жарандарга, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келгендерге ылайыкталып үч багытта жүргүзүлөт. Баалар 150 сомдон 700 сомго чейин деп белгиленген”, — деди ал.
Мусаев белгилегендей, 271 миң туристтин 250 миң 580и — жергиликтүү тургундар, 13 миң 700 киши — КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер жана 6 800 адам — алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер.
Ошондой эле ал учурда жаратылыш парктарында санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар. Анын 20сы министрликтин карамагында. Анын ону — корук, буларга туристтердин кирүүсүнө уруксат берилбейт. Ал эми он жаратылыш паркына эс алуучулардын кирүүсүнө болот.