Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясына барды. Бул тууралуу КФБнын маалымат кызматынан билдиришти. Визиттин жүрүшүндө КФБ жетекчиси академиянын тарбиялануучуларынын машыгуу процессин көрүп, алардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Академия жүргүзгөн атайын селекциондук ишмердүүлүктүн алкагында, жакында африкалык өлкөлөрдөн ар кандай курактагы жаш оюнчулар келген. Алардын арасындагы эң мыктылары, […]Читать далее
Бүгүн, 8-апрель күнү борбор калаабыздын Д.Өмүрзаков стадионунун аймагында Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен стадионду реконструкциялоо маселеси боюнча жолугушуу өттү. Жолугушууга КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын директору Канат Бегалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык […]Читать далее
Бишкектин футболдук борборунда жаңы спорт комплекс салынат. Бүгүн комплекстин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти. Комплекстин жалпы аянты 3 012,44 м2 түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт. Капсула салуу иш-чарасына КФБге мүчөлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү, […]Читать далее
Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Таластын “Ынтымак” командасы чемпион болду. Турнирдин жогорку жана биринчи лиганын финалдык оюндары бүгүн “Аккула” ат майданында орун алды. Жогорку лиганын финалдык оюндарында Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары кездешип, жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Ынтымак” жеңишти камсыздай алды. 3-орун үчүн “Сары-Өзөн” – “Мурас” командалары беттешип, оюн 8:1 эсеби менен […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү. КФСтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, отурумдун бекитилген күн тартибине ылайык, КФСтин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер каралды. Негизги маселенин бири Кыргыз Республикасынын жаштар, өспүрүмдөр жана кыз-келиндер курама командаларынын башкы машыктыруучуларын бекитүү болду. Аталган суроого ылайык төмөндөгүлөр курамаларды жетекчилигине алды: Лисицын Максим Павлович – U-23 […]Читать далее
Бүгүн, 19-мартта Кыргыз футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын аймактык техникалык директору Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адиси Ричард Аллен менен жолугушту. Кыргыз футбол союзунан маалымдашкандай, жолугушуунун башкы максаты өлкөдөгү футболду өнүктүрүү пландарын талкуулоо болду. Коноктор ФИФАнын футболду глобалдуу өнүгүшү боюнча максаттарын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө өз көмөгүн көрсөтүүгө даяр экендиктерин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ-до сётокан боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн “EGN INTERNATIONAL KARATE NEW-YORK OPEN 2024” Эл аралык мелдешинде 12 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 3 коло) жеңди. Мелдеш 10-март күнү өтүп, 11 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты. Алтын медалдын ээлери (кумитэ версиясы боюнча): Арнэл Саматов (6-7 жаш салмак Абс), […]Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча биринчи орунга чыкты. Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды. Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингдин сап башына […]Читать далее
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт. Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган. Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи […]Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт. Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Алгачкы беттешинде АКШнын балбаны […]Читать далее