Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде биринчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 53 миң упай топтогон. Рейтингде кыргыз балбанынан кийин экинчи орунда эквадорлук спортчу, үчүнчү сапта Кубанын өкүлү жайгашты. Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы жакында эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль жеңген. 27 жаштагы Айпери […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. “2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, – деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова – Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар […]Читать далее
Кыргызстандын спортчусу Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Балбан финалда монголиялык спортчу Даваанасан Энх-Амар менен кез келип, 4:2 эсебинде утулуп калды. Айпери Медет кызы мелдеште 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.Читать далее
Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды. Спортчу грек-рим стилинде 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн […]Читать далее
5-апрелде кыргызстандык мушкер Ихтияр Нишонов Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” бокс боюнча эл аралык турниринде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, боксчу 70 кг чейин салмак чен бирдигинде күч сынашып, финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичди утту. Ал беттешти 1/8 финалдан баскычынан баштап Азербайжан, Түркия […]Читать далее
5-апрелде Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Анда мушкер 60 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарын ишенимдүү түрдө басып өттү. Ал […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова PWL-11 турниринде өзбекстандык атаандашы Лайлохон Собированы жеңди. Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү. Анда Сезим Жуманазарова 59 кг салмак категориясында атаандашы Лайлохон Собирова менен күрөштү. Кыргыз спортчусу бир нече ыкмаларды ийгиликтүү аткарып, жыйынтыгында 9:3 эсеби менен утушка ээ болду.Читать далее
Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Нао Кусаканы жеңди. Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү. Биринчи бөлүктө япониялык балбан 6:1 эсебинде алдыда келе жаткан. Андан соң кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов килемде бир нече жолу ыкма жасап, атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө жетишти. Таймаш 19:6 эсебинде жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, бул […]Читать далее
Саха Республикасынын (Якутия) хапсагай улуттук күрөшү алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу ДКОнун эл аралык катчылыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков Саха Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жолугуп, тараптар спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу маданият багытындагы кызматташтыкты талкуулашты. […]Читать далее