Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Нао Кусаканы жеңди
Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Нао Кусаканы жеңди.
Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү.
Биринчи бөлүктө япониялык балбан 6:1 эсебинде алдыда келе жаткан.
Андан соң кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов килемде бир нече жолу ыкма жасап, атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө жетишти. Таймаш 19:6 эсебинде жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, бул балбандардын үчүнчү беттеши. Жеңиштер боюнча Акжол Махмудов 2:1 эсебинде алдыда.