Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын дебаттарынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Дебаттар башталганга чейин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин мамлекет башчысын тосуп алуу аземи болуп өттү.

Дебаттар ачылышына дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясы “Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: ар бир адамдын жыргалчылыгы үчүн иштеген Бириккен Улуттар Уюму” деген ураандын алдында ачылды.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Анын сөз сүйлөөсү бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 21:00–22:00дө күтүлүүдө.

Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот.

Связанный пост