Сезим Жуманазарова Ташкентте өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти
Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова PWL-11 турниринде өзбекстандык атаандашы Лайлохон Собированы жеңди.
Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү.
Анда Сезим Жуманазарова 59 кг салмак категориясында атаандашы Лайлохон Собирова менен күрөштү.
Кыргыз спортчусу бир нече ыкмаларды ийгиликтүү аткарып, жыйынтыгында 9:3 эсеби менен утушка ээ болду.