Айсулуу Тыныбекова спортко кайтып, Олимпиадага катышарын айтты
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты.
“2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, – деди спортчу.
Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт.
Балбан Айсулуу Тыныбекова – Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.