Борбордук шайлоо комиссиясына №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздар түшө баштады. БШКдан билдиришкендей, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Алимберди Бегматовдон арыз келип түшкѳн. Ал 1983-жылы туулган. КР чек ара коомунун жетекчиси. Ал эми №9 Кара-Суу бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-сентябрда Самаков Кубанычбек Карганбековичти №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттоо чечимин кабыл алды. К.Самаковго күбѳлүк жана белгиленген үлгүдѳгү тѳш белги берилди. Маалымат иретинде: №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында болуп ѳттү. 2023-жылдын […]Читать далее
Укук коргоо органдары №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүндѳ келип түшкѳн бардык билдирүүлѳрдү кароону аяктады. Бул тууралуу 11-сентябрда БШКда ѳткѳрүлгѳн брифингде Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси, КР БШК тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров билдирди. Брифингге Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурорунун орун басары Р. Абдрахман, Бишкек шаарынын ИИББ начальнигинин орун басары Ч. Майлыбеков жана Бишкек шаарындагы Ленин райондук ИИБ начальнигинин орун басары Н. Кыдырбаев катышты. Ленин округундагы шайлоонун ѳнөктүгү башталгандан бери КР БШК ЫЧКТ бардыгы болуп 28 бузуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳр, алардын ичинен БШК ЫЧКТга – 22, БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттануулар кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча жумушчу топко – 6 билдирүү келип түшкѳн. 21 факт боюнча маалыматтар кароо жана укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына жѳнѳтүлгѳн. Бишкек ИИББ жана Ленин районунун ИИБ тарабынан тергѳѳгѳ чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча келип түшкѳн бардык билдирүүлѳр боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ленин райондук прокуратуранын маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокурордук текшерүү менен тастыкталган. Брифингдин жүрүшүндѳ ЖМК ѳкүлдѳрү тарабынан айрым жеңилип калышкан депутаттыкка талапкерлер социалдык түйүндѳр аркылуу шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип жатканы тууралуу суроо берилди. Т. Шайназаров депутаттыкка талапкер участкада (УШК) добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аны округдук комиссияга (ОШК) жазуу түрүндѳ даттанса боло тургандыгын, анткени оозеки негизсиз билдирүү жетишсиз болорун белгиледи.Читать далее
No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо боюнча добуш берүү аяктады. Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген. Анын ичинен 20169 шайлоочу же пайыздык ченем менен 15,85% добуш берүүгө катышты. Шайлоого катышуу ниетин билдирип 24 талапкер каттоодон өткөн. […]Читать далее
Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады. Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары ишин токтотту. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 18:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 15 миң 947, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 12,53%ды түздү. Аталган округдагы шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт. Ленин бир мандаттуу шайлоо […]Читать далее
Бүгүн, 10-сентябрда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүндѳ 20:00 саатка карата КР БШКнын колл-борборунун шашылыш линиясына 154 чалуу болду. Кайрылуулар тѳмѳнкүдѳй мүнѳзгѳ ээ: – шайлоочулардын тизмесинен тактоо – 47; – округду тактоо – 40; – даректи тактоо – 39; – ар кандай – 28. Колл-борбордун иши шайлоо ѳнѳктүгү […]Читать далее
Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайрадан өткөрүлүп жаткан парламент депутатын шайлоо өнөктүгүнө катышты. Тагыраагы, Төрага Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо участогунда добуш берди. Андан соң Төрага шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган байкоочулар менен да баарлашып, добуш берүү өнөктүгү кандай жүргүзүлүп […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берди. Шаар башчысы Бишкектеги №74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди. Э.Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.Читать далее
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 9 миң 758ди, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 7,67%ды түздү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.Читать далее
БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүүдѳ жана бузууларды тергѳѳнүн тийиштүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү үчүн токтоосуз жѳнѳтүүдѳ. КР БШК тѳрагасынын орун басары Т, Шайназаров билдиргендей, […]Читать далее