БШКнын колл-борборунун шашылыш линиясына 154 чалуу болду

 БШКнын колл-борборунун шашылыш линиясына 154 чалуу болду

Бүгүн, 10-сентябрда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүндѳ 20:00 саатка карата КР БШКнын колл-борборунун шашылыш линиясына 154 чалуу болду.

Кайрылуулар тѳмѳнкүдѳй мүнѳзгѳ ээ:

– шайлоочулардын тизмесинен тактоо – 47;

– округду тактоо – 40;

– даректи тактоо – 39;

– ар кандай – 28.

Колл-борбордун иши шайлоо ѳнѳктүгү маселелери боюнча жарандарга маалымат берүүгѳ жана консультативдик жардамдарды кѳрсѳтүүгѳ багытталганын белгилейбиз.

Колл-борбордун операторлору шайлоочулардын жана талапкерлердин суроолоруна, шайлоого катышуу тартиби тууралуу жооп берүүгѳ даяр.

Колл-борборго бардык чалуулар 1255 номерине мобилдүү телефондон жана жѳнѳкѳй номерлерден чалуулар акысыз.

Связанный пост