ЫЧКТ Ленин округунда шайлоонун жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзүүнү улантууда

 ЫЧКТ Ленин округунда шайлоонун жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзүүнү улантууда

БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүүдѳ жана бузууларды тергѳѳнүн тийиштүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү үчүн токтоосуз жѳнѳтүүдѳ.

 

КР БШК тѳрагасынын орун басары Т, Шайназаров билдиргендей, ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунабузуулар жѳнүндѳ болгону 8 билдирүү келип түшкѳн, алардын 6 бюилдирүүсү шайлоого даярдык кѳрүү мезгилинде, 2 – орун-жайдан тышкары добуш берүү учурунда келип түшкѳн.

 

Келип түшкѳн арыздардын, кайрылуулардын, билдирүүлѳрдүн мүнѳздѳрү:

 

– мүмкүн шайлоочулардын добуштарын сатып алуулардун болушу жѳнүндѳ – 4, текшерүү жүргүзүлүүдѳ – 2, каралганы (баш тартылганы) -2;

 

– талапкердин соттуулугу жоюлбагандыгы жѳнүндѳ – 1, каралган (баш тартылган) ;

 

– шайлоо алдындагы үгүттүн шарттарын бузуу жѳнүндѳ – 2, каралган (баш тартылган) -2;

 

– мүмкүн административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалангандыгы жѳнүндѳ – 1, каралган (баш тартылган).

 

6 билдирүү боюнча Бишкек шаарындагы Ленин районунун ички иштер башкармалыга тарабынан ыкчам тергѳѳ иш-чаралары жзүргүзүлгѳн, анын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бишкек шааарындагы Ленин районунун прокуратурасы тарабынан кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилген. 2 билдирүү боюнча тийиштүү текшерүүлѳр жүргүзүлүүдѳ.

 

Мыйзамдардын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо максатында БШК ЫЧКТ тарабынан шщайлоо мыйзамдарын бузууларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ токтоосуз маалымат берилип турат.

КР ИИМ тергѳѳ кызматынын бѳлүм башчысы С. Макилов билдиргендей, Бишкек шаарынын ИИББнин 777 кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун жана Ленин шайлоо окуругундагы шайлоо участкаларынын коопсуздугун күчѳтүлгѳн режимде камсыз кылышууда, ар бир шайлоо участкаларында 6-7 милиционерлер турушууда. Ошондой эле документтештирүү боюнча 69 топ жана маалыматтарды топтоо боюнча 24 топ түзүлгѳн.

 

Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурорунун орун басары Р. Абдырахман билдиргендей, үгүт жүргүзүү токтогон 9-сентябрь күнү үгүт жүргүзүшкѳн соцтармактардын пайдалануучуларынын ким экендиги такталууда.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

 

Ушуга байланыштуу 21.08.2023-жылы башталган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 09.09.2023-жылы эртең мененки 08:00 саатта аяктаган.

 

Бирок жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тыюу салууларга карабастан, айрым пайдалануучулар “Facebook” социалдык түйүнү аркылуу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талдапкерлердин биринин пайдасына үгүт жүргүзүүдѳ.

 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, – жеке жактарга 7500 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндѳ Бишкек шаарындагы Ленин ИИБ тарабынан бузуучулардын ким экендигин жана материалдарды андан ары КР БШКга берүү максатында турган жерин аныктоо үчүн тергѳѳ алдындагы текшерүү жүргүзүлүүдѳ.

Связанный пост