Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууга биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси – КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев катышты. Мамлекет башчысы аксакалдарды биринчи Элдик курултайдын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, элдин ишенимине ээ болуп, чыныгы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун менен жолугушту. Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Өз кезегинде Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун монгол тараптын эки өлкө үчүн кызыкчылык туудурган багыттар […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти. Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Борбор Азия инвестициялык форумунун ишине катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.Читать далее
Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Мыйзамга
Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.  Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону […]Читать далее
Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо
Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн 29-ноябрда, Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты. Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды. Президент Садыр Жапаров […]Читать далее
Бүгүн, 29-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Ош шаарына жаңы мэр келди. Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бакытбек Жетигеновду КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жамаатка тааныштырып, Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады. Эскерте кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында бир 1 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
 
								 
                 
                 
                 
                 
                 
                 
                 
                