Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

 Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.​

​ Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.​

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт.​

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

 

Связанный пост