Бүгүн, 19-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Пакистан Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, маектешүүнүн жүрүшүндө Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам күн мурун, 18-майда Бишкек шаарында чет элдик студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат алууда көрсөткөн жардамы үчүн, кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. […]Читать далее
Деструктивдүү күчтөр тарабынан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, айрыкча Пакистандын аймагында Кыргызстандагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалыматтар атайылап таратылып жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет. Министрлик учурда Бишкек шаарында абал тынч жана толук көзөмөлгө алынгандыгын, коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөндүгүн билдирет. […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү Бишкекте түндө орун алган окуя боюнча жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15тей жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн […]Читать далее
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген. Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди […]Читать далее
Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кезектеги кыргыз-италия ТИМдер аралык консультациялар өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда кыргыз тарапты тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми италия тарапты Италиянын тышкы иштер министринин орун басары – парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген. Саясий консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланган, атап […]Читать далее
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, […]Читать далее
Фергана шаарында 6-майда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун жолугушуусу өттү. Кыргызстандын атайын кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 6-майда Фергана шаарында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ачык жана конфиденциалдуу түрдө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу […]Читать далее
Жетишилген макулдашууга ылайык, 21-апрелден 27-апрелге чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүздү жана […]Читать далее
Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун башчылары Бактыбек Бекболотов менен Сергей Шойгу эки келишимге кол коюшту. Алардын жолугушуусу Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин ишине катышуунун алкагында өттү. Ошентип, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда төмөндөгүдөй эки келишимге кол коюлду: 1. Маалыматтык алмашуу жөнүндө; 2. Радиациялык, химиялык жана биологиялык абалды аныктоо жана баа […]Читать далее
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, кыргыз элинин тарыхына таазим кылды. Британиянын кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарын 22-апрелде трагедиянын курмандыктарын эскерүү үчүн “Үркүн” мемориалына гүлчамбар коюу менен баштаган. Аталган комплекстин директору Болот Абдрахманов министрге Үркүн жана “Ата-Бейиттин” тарыхы тууралуу айтып берди. Белгиленгендей, Дэвид Кэмерон – Кыргызстан […]Читать далее