Никол Пашинян Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү натыйжаларды көрсөттү. Сиздин жетекчилигиңиз алдында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу реформалар жана инфраструктураны жаңылоо иштери өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп жатат.
Армения биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук жана өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттердин негизинде Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытып, эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү аркылуу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн иш алып барарыбызга ишенем. Жакын арада Ереванда түздөн-түз жолугуп, баарлашуубузду улантып, эки тараптуу күн тартибин мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулай турганыбызга кубанычтамын”, – деп айтылат куттуктоодо.
Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады.