Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн металлургиялык ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн металлургиялык комплексинин абалы жана өнүгүү келечегинин маселелери талкууланды. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тармакты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет. «Биз биргелешкен иштин жаңы форматына ылайык тармакты колдоого […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгып, […]Читать далее
1-6-декабрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашкан. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды. […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-декабрда Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана «Бир алкак – бир жол» демилгесин биргелешип куруу боюнча терең пикир алмаштык жана маанилүү консенсуска жетиштик, муну менен […]Читать далее
Түркмөнстан менен Азербайжандын президенттери Сердар Бердымухамедов жана Ильхам Алиев бүгүн 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Сиздин даанышман жана көрөгөч жетекчилигиңиз астында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Республикада эбегейсиз зор кайра куруулар, социалдык-экономикалык өнүгүү ишке ашырылып жатат. Биздин өлкөлөр […]Читать далее
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Сизге туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду жөнөтүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Өлкөнү өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу жолундагы ишмердигиңиз өзгөчө баалоого татыктуу. Биздин өлкөлөр ортосундагы көп кылымдык достуктун жана бир туугандыктын духундагы […]Читать далее
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 6-декабрда, Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — Сиздин Мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, Мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы. Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу […]Читать далее
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Россиялык лидер Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы […]Читать далее
Ушул жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт. Жыйынга катышуу үчүн […]Читать далее