Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун кеңешчиси болуп Муктарбек Зулпукаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы кол койду. М.Зулпукаров эмгек жолунда бир катар жеке менчик ишканаларда директор, спорттук мектептерде тренер болуп эмгектенген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болгон.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелер жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-эмират мамилелеринин жогорку өнүгүү динамикасын белгиледи. «Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Ведомстводон кабарлашкандай, Талантбек Солтобаев министрдин биринчи орун басары, ал эми Ырысбек Бариев министрдин орун басары болуп дайындалган.Читать далее
Акылбек Жапаров жана «Mubadala Investment Company» альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү маселесин
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Mubadala Investment Company» компаниясынын башкы директорунун орун басары – башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасында альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында […]Читать далее
Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду. Мунун далили катары интенсивдүү өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана ишкер жолугушуулар, анын ичинде Кыргыз Республикасында 100 млн АКШ доллары уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө Макулдашуу саналат. Эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү жеке байланыштарды түзүп, кызматташуунун келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдар […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Отурумдун жүрүшүндө ата мекендик продукциялардын эл аралык рынокторго чыгышын камсыз кылуу, эффективдүү транзиттик коридорлорду түзүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу маселелер каралды. Бакыт Төрөбаев жакынкы аралыкта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча буга чейин башталган долбоорлорду ишке ашырууну аяктоо зарылдыгын белгиледи. […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимге жана эки элдин тилектештигине негизделген өнөктөштүк мамилелерге жогору баа беришти. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды. Жолугушууда Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланышын бекемдөө маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев аймактардын өнүгүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жогору экенин белгилеп: “Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш алардын ишин жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алып, натыйжалуу башкаруу […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат. Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги Туруктуу өкүлү болуп дайындалды.Читать далее