Акылбек Жапаров: Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду

 Акылбек Жапаров: Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду

Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду. Мунун далили катары интенсивдүү өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана ишкер жолугушуулар, анын ичинде Кыргыз Республикасында 100 млн АКШ доллары уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө Макулдашуу саналат. Эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү жеке байланыштарды түзүп, кызматташуунун келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары, БАЭ) өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынында билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2,9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5,4 эсеге, ал эми импорт 10,2%га өскөн.

«Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек», – деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасы БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бетачар форматындагы кеңейтилген маалыматтарды сунуштады.

Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго кол коюлду.

Связанный пост