Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Дабиге барды

 Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Дабиге барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.

Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.

Связанный пост