Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолукту. ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин, анын ичинде саясий-экономикалык кызматташтыкты жана февралда Бишкекте өтө турган “B5+1” бизнес-форумун талкуулашты. Ошондой эле АКШ тарабынан B-1/B-2 категориясындагы визаларды тариздөөдө киргизилген кошумча талаптарга, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн иммиграциялык […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле быйылкы жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландары талкууланды. Мекин Мустафа Кемал Өкем соода-экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, түрк […]Читать далее
Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын энергетика министринин орун басары Мохаммед Абдульрахман Ибрахим менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстанда күн жана шамал станцияларын, ошондой эле чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды. Элчи Сауд Арабиясынан мунай […]Читать далее
2025-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чет өлкөгө 19 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, 19 сапардын ичинен үчөө расмий, 16сы жумушчу сапар болгон. “2025-жыл регионалдык жана глобалдык күн тартибинин татаалдыгына карабастан, экономикалык дипломатиянын жогорку темпин жана интенсивдүүлүгүн сактап калууга болорун көрсөттү. Бул […]Читать далее
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен 3ү мамлекеттик, 3ү расмий жана 18и жумушчу сапарлар болгон. Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын ичинен 163ү эки тараптуу, ал […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америкадагы Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча АКШда 40 миңге чукул кыргызстандык бар — алар студенттер жана иштеп жүргөндөр. Кулубаев белгилегендей, визасыз жүргөн же виза режимин бузган жарандар миграциялык органдар тарабынан аныкталса, депортацияланышы мүмкүн. Тактап айтканда, буга чейин 20га жакын адам депортацияланган жана дагы […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле тараптар 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында пландалып жаткан «В5+1» форумдун даярдыктары тууралуу сүйлөштү. Иш-чаранын уюштуруучулук жана […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүү үчүн B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана ишкердик) иммиграциялык эмес визаларга арыз берүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарын америкалык тарап тарабынан кошумча талаптар киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-январынан тартып бир катар чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн 5 000ден 15 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык […]Читать далее
6-январга карата Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Ирандагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Иран өлкөсүнө шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, убактылуу баруудан баш тартууну сунуштайт. Ошондой эле Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарына төмөнкүлөр сунушталат: – сактыкты жана этияттыкты жогорулатуу; – эл көп чогулган жерлерден, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал белгилегендей, бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо кетирет. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, 29-декабрга караган түнү Киев Владимир Путиндин Новгороддогу мамрезиденциясына учкучсуз […]Читать далее