Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырат

 Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырат

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына карата кайрадан жанданган аскердик соккулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт жана тараптарды эң жогорку деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга, ок атышууну токтотуу режимин сактоого, эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын ченемдерин, айрыкча жаңжалдын тарабы болуп саналбаган Булуң өлкөлөрүнө карата, так сактоого, ошондой эле жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууга чакырат.

Связанный пост