Кыргызстан менен Черногория ТИМ башчылары эки кызматташтык документине кол койду
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович жолугушуунун алкагында эки маанилүү документке кол коюшту.
Алардын мазмуну төмөндөгүдөй:
- Кыргызстан менен Черногориянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдар арасындагы кызматташтык программасы;
- Дипломатиялык дайындоо жаатындагы меморандум.
Белгилей кетсек, Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович 23-24-мартта расмий иш сапары менен Кыргызстанда болот.