Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Үч чоку” кластерин өнүктүрүү планынын бетачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысына тоо лыжа долбоорунун негизги багыттары, артыкчылыктары, ошондой эле ишке ашыруу жана өзүн-өзү актоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берилди. Франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан “Үч чоку” кластери Борбордук Азиядагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Сиздерди жалпы Кыргызстан элинин биримдигинин символун туюндуруп, эркиндигибиздин энчиси, бакубат турмушубуздун белгиси болуп келген сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Азыркы шаар аймагында байыркы заманда эле адамдар отурукташканын, кийин Улуу […]Читать далее
Президент кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген Баткендин баатыр эли 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп беришти. Бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Статистика тутумунун көп жылдардан берки үзгүлтүксүз иши, кадрдык туруктуулугу өз кесибине берилген, мекенчил жана ак ниет кызмат өтөгөн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт. Тескемеге […]Читать далее
Азербайжандын лидери Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды. Маалыматты “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Баалуу белек Агдам шаарында Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барган кезде тапшырылган. Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында “Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң өлкө Президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөр болду. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана […]Читать далее
Кыргызстан менен Азербайжандын Президенттери Физули жана Агдам шаарларын өнүктүрүүнүн башкы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапардын алкагында Президент Ильхам Алиев менен биргеликте Физули жана Агдам шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты. Физули шаарына барганда мамлекет башчыларына калктуу конушту жана ага чектеш аймактарды калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдашты. Президенттер шаардын жаңы көрүнүшүн, келечектеги административдик борбордун эскиздерин жана […]Читать далее
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 25-апрелде, Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун – капсуланы салуу аземине катышты. Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат. Салтанат Мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды. Андан кийин Президенттер мектептин курулуш долбоору менен […]Читать далее