Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысы бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалымат менен таанышат.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” туристтик борборундагы жаңы пристин долбоору боюнча мекендештер арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Өлкө башчысы бул кабар кайчы пикир жаратып жаткандыктан сурамжылоо жүргүзүүнү демилгелегендигин билдирген. “…Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн. Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө баштадык. Кудай буюрса […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кымбаттуу мекендештер! Урматтуу кыргызстандыктар! 5-май – эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө маанилүү күн! Конституция күнү – элибиздин эркиндигинин, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, жаратмандык менен мээнет кылуунун жана адилеттүү, өнүккөн коом куруунун майрамы. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды. Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алынып келинет. Абалы оор деп бааланып жаткан он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот. Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү тапшырды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылында жүк ташуучу Porter унаасы өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүүнү тапшырды. Комиссиянын курамына тиешелүү тармактык министрликтердин, Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү кирди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Мамлекет башчысынын атынан жабыркагандарга финансылык жардам көрсөтүлдү. Президент Садыр Жапаровго […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга бир тууганынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Сиздин Абу-Даби шаарынын Чыгыш тарабындагы өкүлүңүз жана агаңыз шейх Тахнун бин Мухаммад Аль Нахаяндын дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Жаз жарышын коштой келген Эмгек майрамы – жаңычылдык менен жаратмандыкка умтулуунун майрамы. Адам баласын жаркын келечекке талыкпас эмгек гана жетелейт. 1-Май майрамы дагы узак мезгилден […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, өлкөбүзгө сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Чжао Ганды кабыл алды. Кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө энергетика, жер казынасын пайдалануу, маданий-гуманитардык кызматташтык, транспорттук логистика, инвестициялар жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы акыркы жылдары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана […]Читать далее