“Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин максатыбыз – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын аба каттамдарын жандандыруу, эл-журтубуздун карым-катышына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы эл аралык каттамдарды ачуу болуп саналат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде белгиледи. Ачылыш аземинен кийин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу мекендештер! Каракол шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары! Бүгүн биз дагы бир тарыхый күндүн күбөсү болуп турабыз десем жаңылышпайм. Анткени, баарыңыздарга белгилүү болгондой, Союз таркагандан бери бир топ аэропорттор ар кандай себептер менен ишин токтотуп, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу эл аралык өнөктөштөр! Сиздерди бүгүнкү Эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктайм! 11-декабрь – Эл аралык тоолор күнү тоо экосистемасынын маанилүүлүгү менен уникалдуулугун, ошондой эле дүйнө жүзүндө климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнүн кесепетинен тоолор туш болгон коркунучтарды эске […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 23-октябрында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ыктыярдуу негизде социалдык контракттарды түзүү менен социалдык жардам берүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган №2028 аскер бөлүгүнө барды. Аскер бөлүктө бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган. Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат. Аэропорттун ачылышы УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып баруунун башталышы болжол менен саат […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Адам укуктары – ар бир адилеттүү коомдун негизги тиреги. Конституциябыздын, мыйзамдарыбыз менен мамлекеттик башкаруу системабыздын пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөн. Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар-намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Бүгүн – дүйнө жүзүндө башкаруунун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негиздерине доо кетирген эң коркунучтуу жана кыйратуучу көрүнүштөрдүн бирине чечкиндүүлүк менен каршы турууга чакырган Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү! Коррупция — […]Читать далее
“Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталары
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз […]Читать далее