Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты. Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрине жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын […]Читать далее
Президент Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Мен, Кыргыз Республикасынын бакубаттуу жана гүлдөп өнүккөн мамлекетке айлануусуна жол көрсөткөн, өлкөнүн негизги баш багыты деп эсептелген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койдум. Бул стратегиялык документ өлкөнүн орто мөөнөттүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты төмөнкүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында укук бузууларды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат: – билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары; […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты КР Кылмыш-жаза кодексинин жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчи Оливье Бангертерге Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент элчи Оливье Бангертер Кыргызстанда кызмат аркалаган мезгилде эки тараптуу кызматташтыктын динамикасы жигердүү жогорулагандыгын канааттануу менен белгилеп, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды. Чет өлкөлүк дипломатиялык миссиянын башчысын Ардактуу кароол тосуп алды. Сүйлөшүүнүн алдында президентке ишеним грамотасын тапшыруу салтанаттуу аземи болду. Кыргызстан менен Түркиянын өз ара аракеттенүүлөрү, анын ичинде соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу маселелери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Конституциялык мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Конституциялык мыйзам Министрлер кабинетинин ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Кабыл алынган конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралган, ага ылайык: […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин […]Читать далее