Рим Папасы Лео XIV Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына карата Сиздин элиңизге өзүмдүн гүлдөп-өсүү, ынтымак жана бакыт кааларымды кубануу менен билдирем. Жараткан Кыргызстандын элин колдоп, ар дайым өлкөнүн жалпы жыргалчылыгы үчүн эмгек кылууга шыктандырып турушун тилейм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.Читать далее
Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Мен мамилелерибиздин тереңдешине кубанычтамын жана Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташуунун бекемделишин баалайм. Өткөн жылдын ноябрында Венага болгон Сиздин сапарыңыз жана биздин маңыздуу маектешүүлөрүбүз эки жактуу алакаларыбызды мындан аркы чыңдоого жана активдешүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди», […]Читать далее
Хорватия Республикасынын Президенти Зоран Миланович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Хорватия Республикасынын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге абдан кубануу менен эң жылуу куттуктоолорумду билдирем жана өлкөңүздүн бардык жарандарына прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары […]Читать далее
Сауд Аравия Падышалыгынын Падышасы Салман бин Абдулазиз АльСауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана денсоолук, бакыт тилеген эң жакшы каалоолорумду жолдойм, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, – деп айтылаткуттуктоо телеграммасында. Сауд Аравиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман […]Читать далее
Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Өткөн жылдардагы жеке жолугушуулардын аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар чыңдалды. Мен 2024-жылдын июль айындагы сүйлөшүүлөрүбүздү, ошондой эле 2023-жылы Сиздин өлкөгө болгон сапарымды жылуу сезимдер менен эстейм. Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык аймактык өнөктөштүк да маанилүү, […]Читать далее
Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Сизди жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын өлкөнүн улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоого жана эң жакшы каалоолорумду билдирүүгө уруксат этиңиз. Мажарстан Кыргызстанды маанилүү стратегиялык өнөктөш катары карайт. Биздин эки тараптуу мамилелерибиз динамикалуу өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар […]Читать далее
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шариф Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Пакистан Кыргыз Республикасы менен болгон жалпы ишенимге, жалпы тарыхка жана маданий жакындыкка негизделген боордоштук мамилени жогору баалайт. Эки тараптын тең жан аябас аракетинин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук алакалар мындан ары дагы бекемделе берерине ишенем. Жакында Исламабадда […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиздер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү, жарандардын бакубаттуулугун жана жашоо сапатын жогорулатуу жаатындагы ийгиликтери менен сыймыктана аласыздар. Өткөн он жылдыктарда Бишкек Минсктин маанилүү өнөктөшүнө айланды, анын ичинде интеграциялык аянтчаларда жана […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу өзүмдүн атымдан жана азербайжан элинин атынан Сизди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду билдиргениме кубанычтамын. Сиздин жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу жаратмандык иштеринин жана […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы коңшулаштык, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу боордоштук мамилелер жаңы мазмунга толуп жатат. Биздин биргелешкен аракеттерибиз менен түркмөн-кыргыз мамлекеттер аралык байланыштары боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мынданары да кеңейип, чыңдала берет деп бекем ишенем», – […]Читать далее