Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Улуу Урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен […]Читать далее
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бишкек шаарынын Т.Усубалиев аянтында ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу айт намазга катышты. Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды миңдеген кыргызстандыктар менен бирге, чогуу окуду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды мусулмандардын ыйык майрамы – Орозо айт менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Ислам – сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини. Анын баалуулуктары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Каныбек Осмоналиев Мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна 20 талапкерди дайындоо боюнча сунуш киргизилген. Президент судьяларды дайындоо жөнүндө чыгарган Жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: – Ысык-Көл облусу: […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекистандын ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасыын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган. Бул Мыйзам 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде оор сыноодо турган кыргыз-тажик маселесинде кандай жылыштар бар экенин, эмне үчүн ипотекалык үйлөрдү мамлекет өзү куруп баштаганынын себептерин жана Нарын шаарынын ички жолдору кайсыл каражаттын эсебинен оӊдолуп жатканына кенен токтолду. — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык. — Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында “Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди, кийинки жылы майга […]Читать далее
Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. “Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң”, – деп билдирди Президент. Садыр Жапаров балбандарды, Азия чемпионатында […]Читать далее