Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги маегин берип, анда Ош облусунда орун алган селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, маегинде көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолду. — Саламатсызбы? — Саламатчылык. — Белгилүү болгондой, Ноокатта сел болуп, тилекке каршы, адамдардын өмүрүн алды. Көп узабай […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады. «Талапкер жана АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм. Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», – деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында “Каракол” эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчыга саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктай турганы тууралуу маалымат берилди. Бул аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт. Президенттин иш башкаруучусу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан “Байсары уулу Кыдыр аке” атындагы 2028-аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты. 1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен объектте капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери […]Читать далее
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин «алтын сертификаттын» ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Садыр Жапаров «алтын сертификат» ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо грамоталарын жана эстелик белектерин тапшырды. Быйыл Кыргызстандын мектептеринин 58 бүтүрүүчүсү «алтын сертификат» менен сыйланышты.Читать далее
“Жыл өткөн сайын, ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификаттардын” ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу бүтүрүүчүлөр – алтын сертификатка ээ болгон мектеп мыктылары! Мына бүгүн 67 […]Читать далее
Президент капиталдык реконструкциядан кийинки «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды. Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген. Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзам “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” […]Читать далее