Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында орун алды. Тараптар Кыргызстандын президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болорун белгилешти. Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар […]Читать далее
Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүсүндө айтылды. Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Өз кезегинде Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени колдоду. Өлкө башчысы Садыр Жапаров эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун, […]Читать далее
Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукканда билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында элчиликти ачуу чечими кабыл алынган. Египеттин президенти саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык […]Читать далее
Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеевге II даражалуу «Достык» орденин тапшырды. КР ТИМден билдиришкендей, азем Казакстанда 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнүнө арналды. Жогорку мамлекеттик сыйлык Казакстан президентинин жарлыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон чоң жеке салымы үчүн элчиге ыйгарылды. Салтанат учурунда Казакстан тышкы […]Читать далее
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, өз ара иш-чараларды уюштуруу жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар ошондой эле алдыдагы С5+1 саммитине көңүл бурушту. Жолугушуунун аягында […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Моника Ленхардды жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. Маектин жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыктары боюнча […]Читать далее
Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жаңы дайындалган башкы катчысы Рамиль Гасанды кабыл алды. Ведомстводон маалымдашкандай, ал Бишкекке расмий сапары менен келген. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жээнбек Кулубаев Рамиль Гасанды жаңы […]Читать далее
Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Риядда Сауд Аравиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Адил Аль-Жубейр менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын оң динамикасын белгилеп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду андан ары өнүктүрүүгө, ошондой […]Читать далее
ТИМ Кыргызстандын юридикалык жактарынын ЕБнын санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын юридикалык жактарынын Европа биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоодо жана Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Европа биримдиги Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү […]Читать далее