Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасындагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. Төрага Нурланбек Шакиев тарыхый байланышы терең эки элди маданий, салттык окшоштуктар жана орток руханий баалуулуктар […]Читать далее
Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Азербайжан Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач Төрага Азербайжандын Улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду. Андан соң өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатыр уулдары көмүлгөн Шейиттер аллеясындагы Өчпөс отко да гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди. Расмий сапар мындан ары […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары, Грузиянын парламенти менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Медербек Саккараев, Бахридин Шабазов, Жаныбек Кыдыкбаев Грузияга иш сапары менен барышты. Иш сапардын алкагында депутаттар Тбилиси шаарында Грузия парламентинин депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен достук тобунун жетекчиси Давид Матикашвили менен жолугушту. Анда […]Читать далее
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Алматы шаарында уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жыйынына катышты. Парламенттен билдиришкендей, жыйында ЖККУнун абалы жана келечеги талкууланып, тиешелүү моделдик актылардын долбоору тууралуу да сөз болду. Өз баяндамасында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан ЖККУ алкагындагы байланыштарды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, айрыкча аймактык жана эл аралык […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстандагы иш сапары Алматы шаарында жайгашкан Өчпөс от мемориалына гүлчамбар коюу менен башталды. Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Эскерте кетсек, бүгүн Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт. […]Читать далее
Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады. Анда мындай деп айтылат: Ардактуу ата-энелер жана бөбөктөр! Сиздерди Жогорку Кеӊештинн жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Келечек ээлеринин көйгөйүнө көңүл буруп, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бөбөктөргө жана кароосуз калган […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайдан кабар алды. Алсак, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам аталган сайда сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктарлык курулмалар зыянга учураган. […]Читать далее
Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайдан кабар алды. Алсак, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандам улам аталган сайда сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак-жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктарлык курулмалар зыянга […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жүзүмжан айылында уланды. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага айылдагы жер көчкү коркунучу бар тилке менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көчкүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 39 млн […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 31 жыл толгону менен эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин […]Читать далее